Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) кезектүү VIII сессиясы
2017-жылдын 26-декабры № 5
«Сарай айылдык Кеңешинин бюджет комиссиясына өзгөтүү киргизүү жөнүндө»
Сарай айылдык Кеңешинин бюджет комиссиясынын төрагасы Абдырахманов Азамат өз каалоосу менен төрагалыктан баш тарткандыгына байланыштуу депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Бюджет комиссиясынын төрагасы Абдырахманов Азамат өз каалоосу менен бюджет комиссиясынын төрагалыгынан бошотулсун.
2. Депутаттардын көпчүлүк колдоосу менен бюджет комисиясынын төрагасы болуп Сайдалиев Уланбек шайлансын.
3. Бюджет комиссиясынын мүчөлүгүнө;
-Калыкулов Максат
-Кырбашев Тыныбек
-Маткабилов Шоятбек
-Салимов Алтынбектер дайындалсын.
4. Амиров Абжапар бюджет комиссиясынын мүчөлүгүнөн этика комиссиясынын мүчөлүгүнө жана Абдырахманов Азамат жаштар жана спорт комиссиясынын мүчөлүгүнө которулсун.
Төрага | Э.Арзиев |