Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
( жетинчи чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы
2017-жылдын 25-декабры № 4/2
Кара - Суу шаарынын 2018-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин жетекчиликке алып Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара - Суу шаарынын 2018-жылга бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 66234,2 миң сом суммасында бекитилсин, анын ичинде: 7560,0 миң сом – атайын каражат;
2. Кара - Суу шаарынын 2018-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү № 1 тиркемелерине ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.
3. 2017-жылга карата чыгашаларды каржылоо накталай алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. Мында, биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча (айлык акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна төгүмдөр, медикаменттер, тамактандыруу, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпул, стипендиялар) чыгашаларды каржылоо жүргүзүлөт.
1)Чыгашалардын корголгон статьялары бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош кызмат орундарына жана ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга байланыштуу азайтылышы мүмкүн;
2)Бюджеттик каражаттардын чыгымдалышы жана чыгашалардын статьяларынын максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик шаар мэрине, бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт;
4. 2017-жылы жеткиликтүү каржыланбай калган чыгашалар 2018-жылга карата бюджетте каралган ассигнованиелердин эсебинен жана анын чегинде гана компенсациялана тургандыгы белгиленсин.
5. Кара - Суу шаары боюнча жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча 2018-жылдын 1-январына карата 10,0 миң сом суммасында бекитилсин.
6. Ар кандай салыктар жана жыйымдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан салынган айып акылар, жерди жана мүлктү ижаралоо үчүн төлөмдөр, түшкөн салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр - 100 % шаардык бюджетте калат. Шаар мэриясына жана бюджеттик мекеме жетекчилерине атайын каражаттарды казыналык системадан сырткары пайдалануусуна тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 100 пайызы шаардык бюджеттин кирешесине алынып коюулары эскертилсин.
7. Тармактар боюнча чыгымдар төмөнкүдөй бекитилсин:
1) Башкаруу аппаратын кармоонун чыгымдары 9229,7 миң сом, анын ичинен;
2) шаардык кенештин чыгымдары 2045,5 миң сом, айлык акы 1288,0 миң сом, шаардык кенештин кызматкерлерине кварталдын жыйынтыгы менен сый акылар төлөнүп берилсин, 286,2 миң сом, соцфондко чегерүүлөр 222,2 миң сом;
3) шаар мэриясынын чыгымдары 7184,2 миң сом, айлык акы 3256,0 миң сом, соцфондко чегерүүлөр 561,7 миң сом, резерв фонду 540,0 миң сом;
4) Шаардык кенештин, шаар мэриясынын типтүү түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун негизинде бекитилсин;
5) Коомдук тартипти сактоонун чыгымдары 70,0 миң сом.
6) Шаардын муниципалдык департаментинин чыгымдары 21472,9 миң сом, а.и.айлык акы 2410,0 миң сом, соцфондко чегерүүлөр 416,0 миң сом.
7) Коммуналдык тейлөөнүн чыгымдары 9666,7 миң сом, анын ичинен айлык акы 816,0 миң сом, соцфондко чегерүүлөр 140,7 миң сом, субцидиялар 8710,0 миң сом, мындан Ак-Мээнет а.к,-8500,0 миң сом, Кара-Суу таза-суу мун.ишканасына-210,0 миң сом;
8) Спорт жана маданият тармагы 3304,0 миң сом, айлык акы 191,0 миң сом, соцфондко чегерүүлөр 33,0 миң сом;
9) Билим берүү тармагы 13000,3 миң сом, анын ичинен тамак-аш 3888,0 миң сом;
10) Социалдык жардам 600,0 миң сом;
8. Кара - Суу шаарынын мэриясы 2018 – жыл ичинде жергиликтүү бюджетти аткарууда төмөндөгүлөрдү киргизүүгө укуктуу:
- эгерде бул шаардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул токтомдо бекитилген суммалардын чектеринде ушул токтомдун тиркемесине өзгөртүүлөргө;
- керектүү учурларда бюджеттин чыгашалар бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу акча каражатын шаардык кенеште каралганга чейин шаардык Кенешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу менен иштетүүгө;
- кирешелердин болжолдонгон кирешелеринин ашыкча түшүүлөрүнүн эсебинен шаардын жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү карап чыгууга;
- тиешелүү органдар тарабынан кабыл алган ченемдик актыларды кабыл алуудан келип чыгуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджети менен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин өз ара эсептешүүлөрүнө тактоолорду киргизүүгө;
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011 – жылдын 30 – декабрындагы № 767 жана 2006 – жылдын 18-сентябрындагы № 672 токтомдоруна ылайык менчик женил автоуналарын кызматтык максаттарга пайдалангандыгы үчүн шаардык кенештин төрагасына жана шаар мэриясынын вице - мэрине сметада каралган күйүүчү майларды жана автооңдоого кетүүчү чыгымдарга каражат бөлүп берилсин.
10. Ушул токтом 2018-жылдын 1-январынан колдонууга киргизилсин, бул токтомдун аткарылышы шаардын мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кенештин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Хатамов |