Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
( жетинчи чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы
2017-жылдын 25- декабры № 4/5
Кара-Суу шаарындагы № 2 “Мөлтүр булак” балдар бакчасынын жылытуучу буу казанын кайрадан куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен өздүк салым кошуу жөнүндө
Кара-Суу шаарынын билим берүү мекемелерине республикалык бюджеттен үлүштүк грант алуу сунушун угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу шаарындагы № 2 “Мөлтүр булак” балдар бакчасынын жылытуучу буу казанын кайрадан курууга республикалык бюджеттен алынуучу түрткү берүүчү грант үчүн жергиликтүү бюджеттен 1115288 (бир миллион бир жүз он беш миң эки жүз сексен сегиз) сом өздүк салым бөлүнсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышы шаардын мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кенештин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Хатамов |