Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-февралы № 11-1
Артыкчылыктуу долбоорду тандап алуу өткөн жалпы жыйында кабыл алынган эки долбоорду бекитүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Миңбаев Саттарали Мукумовичтин берген маалыматтарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыйзамдарына негиз, Көк-Жар айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Артыкчылыктуу долбоорду тандап алуу боюнча өткөн жалпы жыйында эң көп добуш алган "Ачык айкындуулукка жетишүү" жана "Балдардын коопсуздугу өз колубузда" аттуу долбоорлору бекитилсин.
2. "Ачык айкындуулукка жетишүү" долбоору үчүн,жергиликтүү бюджеттен 100 000 ( бир жүз мин) сом,
"Балдардын коопсуздугу өз колубузда" долбоору үчүн,жергиликтүү бюджеттен 100 000 ( бир жүз мин) сом өлчөмүндө каражат бөлүнүп берилсин.
3. Бул долбоордун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Миңбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Туманов |