Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6 чакырылышынын кезексиз 11 сессиясы
2018-жылдын 05-февралы № 11-3
Аймактык шайлоо коммисиясынын курамына (резерв) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнөн талапкер көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ,Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын (мындан ары БШК) Кайрылуусунун негизинде аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдүрүнүн даярдалган өздүк документтери (Шайлоочулардын чогулушунун протоколдору , арыздар резюмелер,өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү) менен таанышып , талкуулап чыгып Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнчаборбордук шайлоо комиссиясынын (мындан ары БШК) Кайрылуусунун негизинде аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдүрүнөн талапкерлерди көрсөтүү боюнча өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдору бекитилсин.
2. Көрсөтүлгөн талапкердин өздүк документтери Ноокат АШК сына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысы С.Миңбаевге милдеттендирилсин.Тиркелет -талапкерлердин чогулуштарынын протоколдору ,арыздар, чогулуштун катышуучуларынын тизмеси, өздүгүн тастыктоочу документтин көчүрмөсү
Төрага | Н.Туманов |