Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6 чакырылышынын кезексиз 11 сессиясы
2018-жылдын 05-февралы № 11-4
Көк-Жар айыл аймагындагы № 5415 Сарыкаңды шайлоо участкасынан шайланган депутат И. Калбаевдин депутаттык мандатын кароо жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагындагы № 5415 Сарыкаңды шайлоо участкасынан шайланган депутат И. Калбаевдин арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын мандаттары жөнүндөгү мыйзамына ылайык айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл аймагындагы № 5415 Сарыкаңды шайлоо участкасынан шайланган депутат И. Калбаевдин өз ыктыяры менен депутаттык мандатын тапшыруусуна макулдук берилсин, андан кийинки көп добуш алган талапкерди тактап, ага депутаттык мандат берүү жагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Төрага | Н.Туманов |