Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6 чакырылышынын кезексиз 11 сессиясы
2018-жылдын 05-февралы № 11-7
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин толтуруу максатында айыл аймагынын карамагындагы жерлерди пайдаланган жана айыл аймагында пайдалуу кендерди иштеткен ишканалардын салыктарын жана төлөмдөрүн аныктоо боюнча тактоо комиссия курамын түзүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин толтуруу максатында айыл аймагынын карамагындагы жерлерди пайдаланган жана айыл аймагында пайдалуу кендерди иштеткен ишканалардын салыктарын жана
төлөмдөрүн аныктоо боюнча тактоо комиссия курамын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыйзамдарына негиз, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин толтуруу максатында айыл аймагынын карамагындагы жерлерди пайдаланган жана айыл аймагында пайдалуу кендерди иштеткен ишканалардын салыктарын жана төлөмдөрүн аныктоо боюнча тактоо комиссия курамын түзүү максатында төмөндөгүдөй убактылуу 1 (бир) айлык мөөнөт менен комиссия курамы түзүлсүн.
1. О. Исаков- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы.
2. Г. Абдуллаев - айылдык кеңештин депутаты комиссиянын катчысы.
3.А. Карабаев- жайыт комиттетинин төрагасы
4. М.Калматов- айыл өкмөтүнүн жер боюнча жетекчиси адиси
5. К.Жээнтаев- айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн убактылуу милдетин аткаруучу
6. Т.Пирматов- айылдык кеңештин депутаты, бюджет боюнча туруктуу комиссиясы
7. Р.Эргешев- айылдык кеңештин депутаты
8. А. Шамшиев - айылдык кеңештин депутаты
9. Р. Сарыкулов- айылдык кеңештин депутаты
2. Мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы түзүлгөн комиссиянын курамына, уюштуруу иштери айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Тапшырылган иштин аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Туманов |