Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6 чакырылышынын кезексиз 11 сессиясы
2018-жылдын 05-февралы № 11-8
Көк-Жар айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 25-декабрындагы №10-1-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2017-жылдын сентябрь айында аппарат кызматкерлеринин эмгек акысына кошулган үстөк акчасын жана социалдык фонд төлөмүн жалпысы болуп 1134,7 (бир млн бир жүз отуз төрт миң жети жүз) сом акча каражаты, 2018-жылы республикалык бюджеттен которулуп берилгендигине байланыштуу, Көк-Жар айылдык кеңешинин 2017-жылдын 25-декабрындагы 10-сессиясынын №10-1- токтомунда бекитилген бюджетинин жалпы максаттагы кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүнүн аппарат кызматкерлеринин айлык маянасынан жана социалдык фонд төлөмдөрүнөн ажыратылган 1 134,7 (бир млн бир жүз отуз төрт миң жети жүз) сом акча каражатын башка жумуштарга жумшоо тууралуу маселени талкуулап, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 1-беренесинин 2-пунктуна ылайык депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2018-жылдык бюджетинин жалпы максаттагы кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүнүн эмгек акы жана социялдык фонд төлөмдөрүнөн ажыратылган 1134,7 (бир млн бир жүз отуз төрт миң жети жүз) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн имаратынын кезектеги ремонту үчүн кошумча 0,7 (жети жүз)сом, аппарат кызматкерлерине компьютер жана принтер алуусу үчүн 90, (токсон миң) сом, айыл өкмөтүнүн кааналарын жылытуу максатында электр печкасын алуу үчүн 7,0 (жети миң) сом, Борбаш айылындагы мектепке кетүүчү тратуардын калган жагына асфальт төшөп, бардюр салуу үчүн 270,0 (эки жүз жетимиш миң) сом, Көк-Жар айылынын кабрыстанына латок куруу үчүн 200,0 (эки жүз миң) сом, Каранай спорт залын жылытуу үчүн электр печкаларын сатып алуу иштерине 50,0 (элүү миң) сом, Көк-Жар айылындагы эски балдар бакчасына 206,0 (эки жүз алты миң) сом жана "Жийде бурак" балдар бакчасынын экинчи корпусун ремонттоо жумуштары үчүн 311,0 (үч жүз он бир миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларына коюп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Туманов |