Загрузка документа…
КАРА – КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-августу № 7/1
Айыл окмотунун аймагындагы мектептерде жана балдар бакчаларда балдардын тамактануусун уюштуруу боюнча аткарылып жаткан иштер жонундо
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл окмотунун аймагындагы мектептерге жана балдар бакчаларына келген тамак – аштын сапаты жонундогу жана кайсыл жерден алынгандыгы тастыкталган документтери , протоколдору ачык корсотулуп жазылсын жана окуучуларга , балдар бакчаларына алынып келинген булочка , печенье , май , сут жана башка тамак- аш азыктарынын сапаты жонундо документти толуктоо жагы мектеп директорлоруна жана балдар бакчаларынын башчыларына милдеттендирилсин .
2. Мектеп директорлору жана балдар бакчалардын башчылары :
- ата – энелер комитеттери менен биргеликте мектептерге жана балдар бакчаларына беруу учун алынып келинген азык – тулуктордун проба алып коюуну уюштурушсун жана сапатсыз алынып келинген азык – тулуктор учун оздоруно тагылган ыйгарым укуктардын чегинде кескин чараларды корушсун .
3. Бул токтомдун аткарылышын Кара – Кочкор айылдык округунун кеңешинин агрардык , азык – тулук , айыл жана суу чарба , жерге жайгаштыруу , жер жана жер ресурстары экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына ( торага Т. Орозов ) жана айыл окмотунун аппарат кызматкерлерине тапшырылсын .
Төрага | Э. Жакеев |