Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы сессиясынын (V1чакырылыш ) жыйналышы
2018-жылдын 02-апрели № 6.3
Кыргыз Республикасынын Салык Мыйзамдарынын талаптарына Ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жер шартына жараша жер салыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзамыныннегизиндеКапчыгайайылөкмөтүндөгү үлүшкө тийген жерлердин салыгынын баасын көбөйтүү жөнүндө
Депутаттардын Капчыгай айылдык Кеңешинин кезектеги алтынчы сессиясынын жыйналышы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Капчыгай айыл өкмөтүндөгү үлүшкө тийген жерлердин салыгын көбөйтүү максатында
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кыргыз Республикасынын Салык Мыйзамдарынын талаптарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жер шартына жараша жер салыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Капчыгай айыл өкмөтүндөгү үлүшкө тийген жерлердин салыгынын баасынын көлөмү 36.724 сомго жогорулатылсын.
2. Айыл өкмөттүн аймагындагы жер салыгынын көбөйүшү боюнча жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана ар бир салык төлөөчү менен жекече эсептешип,жеке салыктарынын көлөмүн аныктап чыгуу жагы жана айыл башчылар менен бирдикте аткарууну колго алуу жагы кирешелер боюнча башкы адис Т. Аматовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду турмушка ашыруу жана көзөмөлгө алуу жагы Капчыгай айылдык Кенешинин туруктуу комиссиясына жана Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы М.Сатыбалдыевге жүктөлсүн.
Төрага | П.Сайдилканова |