Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы сессиясынын (V1чакырылыш ) жыйналышы
2018-жылдын 11-апрели №7.1
Капчыгай айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2017-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана 2018- жылга түзүлгөн милдеттери жөнүндө
Капчыгай айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2017-жылга жүргүзгөн иштери жана 2018-жылга түзүлгөн милдеттери тууралуу Жайыт комитетинин төрагасы А.Бакашовдун маалыматын угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Капчыгай айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2017-жылга жүргүзгөн иштери жана 2018-жылга түзүлгөн милдеттери тууралуу Жайыт комитетинин төрагасы А.Бакашовдун маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. 2017-жылга Капчыгай айылөкмөтүндөгү Жайыт комитетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 125 000 (бир жүз жыйырма беш мин) сом өлчөмүндөбекитилсин.
3. Капчыгай айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетине караштуу мал башына салык өлчөмү төмөндөгүдөй белгиленсин:
Бодо малга – 40 сом
Жандык малга -10 сом менен,
алэми башка айыл өкмөттөрдөн келген
бодомалга - 80 сом
жандыкмалга -20 сом .
4. Жайытты убактылуу пайдаланууга жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү жагы Жайыт комитетинин төрагасыА.Бакашовго жүктөлсүн.
5. Жайыт комитетине төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
-сырттан келген малдын башын тактап жанаалардан салык өндүрүү;
-жайыттарды туура бөлүштүрүү;
-өз убагында элдерди жайлоого көчүрүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
-жайлоого кеткиче малдын башын тактап эсепке алуу;
6. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысыМ.Сатыбалдыевге жүктөлсүн.
Төрага | П.Сайдилканова |