Загрузка документа…
ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-февралы № 115-6
Петровка айыл өкмөтү калкты тейлөө боюнча аткарган кызматтары үчүн төлөмдөрдүн көлөмүн бекитүү жөнүндө
Петровка айыл өкмөтү калкты тейлөө боюнча аткарган кызматтары үчүн төлөмдөрдүн көлөмүн бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймактын калкына малга берилген маалымкат үчүн төмөнкүдөй акчалай
төлөм бекитилсин:
- бодо мал, жаш бодо мал, торопой – 10 сом
- жер жана айыл чарба түшүмгө - 10 сом
-бак-дарак жөнүндө маалымкатка - 10 сом
- үй-бүлө жана жашаган жеринен - 5 сом
-51-форма - 10 сом
-4-форма - 5 сом
- Архитектура, нотариус, мамлекеттик каттоого – 10 сом
- юридикалык жакка жер аянтын жекеликке берүү - 100сом
- үй курууга жер аянт берүү жөнүндө - 100 сом
- жер тилкесин кайра бөлүп берүү жөнүндө – 100 сом
- павильон, ларек үчүн жер аянт бөлүп берүү үчүн- 100 сом
-жарнак тактайларын орнотуу үчүн - 100 сом
-дыйканчылык чарба уюштурууга- 100 сом
2. Аткарган иштер үчүн акчалай төлөмдү жоопту катчы алып бюджеттен тышкары эсепке айыл өкмөттүн кассирине өткөрсүн.
3. Жер тилкесине, жер үлүшүнө, ижарага алган жерлерге, чарбалык эмес салыгына, таштанды жыйноого жана суу көлчөктөргө салын кабыл алуу боюнча квитанциялар сатып алып бир бланк учун 5 сом көлөмүнө төлөм алынсын,Квитанциялардын төлөмүн үномдү каржылоо бөлүмүнүн адистери кабыл алышсын.
4. Төлөмдөрдөн төмөнку адамдар бошотулсун:
-Ата мекендик согуштун жесир жубайлары, 70 жаштан жогорудагылар
-1,2,3 топтогу майыптар
- ооганчылар, чернобылда, баткенде катышкандар
- Тылдын иштермандары, реабилитациядан өткөндөр, блокадниктер.
-сураныч менен РОВД-га, сотко, мектепке, салык инспекциясына, прокуратурага,военкоматка.
-жетим, жарым жетим балдарга
-Кварталныйга, депутаттарга, милицияга, айыл өкмөттүн пенсионерлерге,кызматкерлерине
-ооруканага, жарды жашаган социалдык пенсия алуучулар.
Төрага | Уразбакиева Ж.Ш. |