Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XVII чакырылышындагы кезектеги I сессиясы
2018-жылдын 19-январы № 23
Достук айыл аймагынын 2017-жылдан 2018-жылга атайын каражаттан каралган (спец. средства) акча каражатын пайдалануу жөнүндө
Достук айыл аймагына “Таза суу” системасынын курулушуна КР Президенттик фондунан жана КР Премьер министринин 7-сентябрь 2017-жылдагы №393-б буйругунун негизинде “Электр станциялар” ААКтан түшкөн акча каражатын пайдалануу жөнүндө Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Көлбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Достук айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президенттик фондунан жана “Электр станциялар” ААКнан Таза суунун системасынын курулушуна түшкөн акча каражатынын сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгү 20 118 000 (жыйырма миллион бир жүз он сегиз мин) сом болуп бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын башчысы Т. Көлбаев порталга (гос. Закупкага) таза суу сметасы үчүн түзүлгөн туруктуу комиссиясына жана айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Казыбек кызы Анарага жүктөлсүн.
Төрага | К.ϴмүрканов |