Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XVII чакырылышындагы кезектеги VIII сессиясы
2017-жылдын 01-декабры № 19
Достук айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы атайын каражаттагы акча каражатын пайдалануу жөнүндө
Достук айыл аймагына «Таза суу» системасынын курулушуна КР Президенттик фондунан жана КР Премьер министринин 7-сентябрь 2017-жылдагы №393-б буйругунун негизинде «Электр станциялар» ААКнан түшкөн акча каражатын пайдалануу жөнүндө Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Көлбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Достук айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президенттик фондунан жана «Электр станциялар» ААкнан Таза суунун системасынын курулушуна түшкөн акча каражатынын сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгү 20 118 000 (жыйырма миллион бир жүз он сегиз мин) сом болуп бекитилсин. Аталган суммага тендер жарыяланып, максаттуу жумшалсын.
2. Бул токтомдун аткаралышынын көзөмөлгө алуу жагы Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Көлбаевге жана Достук айыл аймагынын айылдык кенештин тармактык комиссиясына жана бөлүм башчы Казыбек кызы Анарага жүктөлсүн.
Төрага | К.ϴмүрканов |