Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-майы № 168
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин № 84. 17.08.2017-жылдагы токтомунун 2-пунктунда Ниязалы көчөсүн асфальттоо үчүн бөлүнгөн 4235784 миң сомун кайра бөлүштүрүүнү сураган депутаттардын кайрылуусун кароо
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын ) кезексиз XV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, депутаттардын кайрылуусунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке айылдык Кеңешинин № 84. 17.08.2017-жылдагы токтомунун 2-пунктунда Ниязалы көчөсүн асфальттоо үчүн бөлүнгөн 4235784 миң сомун кайра бөлүштүрүүнү сураган депутаттардын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Ниязалы көчөсүнөн ашкан каражат , ушул Ниязалы көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы 2- бурумунун 200 метр жолун асфальттоого бөлүнсүн.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Курманкуловко тийиштүү документтерди даярдоо, тендер жарыялап, утуп алган ишкана менен мыйзам чегинде сапаттуу асфальт төшөтүү ишин алып баруу сунушталсын.
4. Каражатты бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кимсанов |