Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышындагы кезектеги 14-сессиясы
2018-жылдын 05-июну № 38
Зергер айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Зергер айыл өкмөтүнүн 2018- жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү боюнча айылдык кенешинин « Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери» боюнча туруктуу комиссиясынын кароосунда каралып Зергер айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн сунуштарын угуп жана талкуулап Зергер айылдык кенешинин кезексиз 14-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Зергер айыл өкмөтүнүн 2018 -жылдагы жергиликтүү бюджетине Республикалык бюджеттин эсебинен түшкөн 2500,0 сом кошумча каражатынан ЖКХ тармагынын капиталдык курулмалар куруу 3111 статьясына 1000,0 сом, башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу 2215 статьясына 50,0 сом айыл чарба тармагынын башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу 2215 статьясына 500,0 сом, башкаруу тармагынын башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу 2215 статьясына 250,0 сом жана учурдагы чарбалык максаттар учун предметтерди жана материалдарды сатып алуу 2222 статьясына 150,0 сом, билим берүү тармагынын электр энергиясынын акы төлөө статьясына 400,0 сом, башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу 2215 статьясына 100,0 сом , социалдык коргоо тармагынын калкка социалдык жардамдарды көрсөтүү статьясына 50,0 сом баардыгы болуп 2500,0 сом кошумча каражат катары бөлүнүп берилсин.
2. Бюджеттин аткарылышын козөмөлдөө жагы айылдык кенешинин «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Кулушов С. |