Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынынХIV-сессиясы
2018-жылдын 07-майы № 2
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун сунушун кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы ички жолдорго, каналдарга жана Дароот-Коргон айылындагы борбордук жолунун тротарына жолтоо болгон бак дарактарды кыюу боюнча сунушун карап, Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын ХIV-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы жана Дароот-Коргон айылынын борбордук жолунун тротуарына жолтоо болгон жана эскирген бак дарактарды кыюуга макулдук берилсин.
2. Жок кылынган бак дарактардын ордуна жана башка сейил бактарды көрктөндүрүү максатында жаш көчөттөрдү отургузуу Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |