Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын ХIV-сессиясы
2018-жылдын 07-майы № 4
Чоң-Алай айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 2015-жылдын 9-апрелиндеги кезексиз сессиясынын № 2 токтомуна толуктоолорду киргизүү боюнча айыл өкмөт башчысына тапшырма берүү жөнүндө
Чоң-Алай айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын 2015-жылдын 9-апрелиндеги кезексиз сессиясынын Чоң-Алай айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын бекитилген типтүү уставы жөнүндө № 2 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашоочулардан толуктоо киргизүү боюнча сунуштарды чогултуу жана жыйындарды өткөрүү боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын ХIV-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын
2015-жылдын 9-апрелиндеги кезексиз сессиясынын Чоң-Алай айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын бекитилген типтүү уставы жөнүндө № 2 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашоочулардан толуктоо киргизүү боюнча сунуштарды чогултуу жана жыйындарды өткөрүү Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго милдеттендирилсин.
2. Жалпы жамааттан сунуштар чогултулгандан кийин айылдык кеңештин кийинки сессиясынын кароосуна киргизилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Маматназаров |