Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 01-февралы № 10/1
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2018-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезексиз X сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2018-жылга карата иш планы депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен бекитилсин.
2. Иш-планда бекитилген маселелерди сессиянын отурумуна даярдоодо Өзгөн шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына көмөк көрсөтүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Джалиловго тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |