Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 01-февралы № 10/2
«Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезексиз X сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 1-февралындагы №2 отурумунун жана эсеп комиссиясынын №3 протоколдорунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарында коомдук тартипти сактоодо, атуулдардын коопсуздугун камсыз кылууда, улуттар аралык мамилени чыңдоодо кошкон зор салымы үчүн Асанов Курсан Сатаровичке «Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. «Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган жаранга «Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгарылгандыгын тастыктоочу документтерди даярдоо жагы Өзгөн шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |