Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI чакырылышынын) кезексиз X сессиясы
2018-жылдын 14-апрели № 11/1
Өзгөн шаар мэринин 2017-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген «Өзгөн шаар мэринин 2017-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчету» боюнча Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р. Атаджановдун маалыматын угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылууда Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылда жүргүзгөн иштери кетирилген кемчилдиктер менен эске алынсын.
2. Отчетту талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштардын негизинде, кетирилген кемчилдиктерди жоюу боюнча иш-чара иштеп чыгуу жана анын аткарылышы боюнча шаардык кеңештин сессиясында отчет берүү жагы Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р.Атаджановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |