Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI чакырылышынын) кезексиз X сессиясы
2018-жылдын 14-апрели № 11/2
Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын стратегиялык планынын долбоорун жана Өзгөн шаарынын 2018-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын стратегиялык планынын долбоору депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен тиркемеге ылайык бекитилсин (программа тиркелет).
2. Өзгөн шаарынын 2018-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасы депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен бекитилсин. Өзгөн шаарынын 2018-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасын аткарууга жергиликтүү бюджеттен 43835,6 миң сом жана 2018-жылдын 1-январына калган эркин калдыктан 2995,9 миң сом каралганы эске алынсын (Титулдук тизме тиркелет).
3. Программаларда белгиленген милдеттердин аткарылышын камсыз кылуу жана аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Өзгөн шаардык кеңешине маалымат берип туруу жагы Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р.Атаджановго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |