Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI чакырылышынын) кезексиз X сессиясы
2018-жылдын 14-апрели № 11/3
Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө мыйзамына ылайык жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 7-февралындагы №3 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын «Жаңы-Турмуш» кварталдык комитетинин шайлоочуларынын 2018-жылдын 15-январындагы протоколу, «Жүзүмзар» кварталдык комитетинин шайлоочуларынын 2018-жылдын 1-февралындагы протоколу жана «Борбор» кварталдык комитетинин шайлоочуларынын 2018-жылдын 21-январындагы протоколдору бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясына, Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерликке Раимжанова Манзура Адыловна, Тиллабаев Юлдашбой Кочкорович жана Маконбаева Зууракан Далибаевна сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |