Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI чакырылышынын) кезексиз X сессиясы
2018-жылдын 14-апрели № 11/4
Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын каржылоого макулдук берүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларынын 2018-жылдын 13-февралындагы №2 кошмо жыйынынын протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын «Жаңы-Турмуш» кварталында курулган /ч-Дөбө АКБ реконструкциялоодо негизги магистралындагы 264 пм суу түтүгүн капиталдык оңдоого 1 326 865 сом, «Таштак» кварталынын жаңы конуштарына 1269 пм суу түтүгүн тарттырууга 516 870 сом, Улукбек кварталындагы А.Навои көчөсүнө түнкү чырак орнотууга 335 098 сом, «Жаңы-Өзгөн» кварталындагы Заречная, С.Акматов, Кара-Шоро көчөлөрүнө түнкү чырак орнотууга 168 451 сом, жалпысынан 4 долбоорду ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттен 2 347 284 сом каржылоого макулдук берилсин.
2. Жогорудагы долбоорлорду 2018-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине киргизүү жагы Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р.Атаджановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |