Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI чакырылышынын) кезексиз X сессиясы
2018-жылдын 14-апрели № 11/6
Өзгөн шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-мартындагы №23/5 токтомун өзгөртүү жөнүндө
Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментинин 2018-жылдын 28-февралындагы №139 катынын жана «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларынын 2018-жылдын 1-мартындагы биргелешкен отурумунун №3 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын аймагында муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүүдө Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги XXIII сессиясынын №23/5 токтому менен бекитилген тиркеменин «Жашылдандырып көрктөндүрүү үчүн» деген пункту күчүн жоготту деп табылсын.
2. Өзгөн шаарынын аймагында муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүүдө бекитилген тиркеменин «Жашылдандырып көрктөндүрүү үчүн» деген пункту 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Өзгөн шаар мэриясынын Муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаменти 1-тиркемеге ылайык ижара акынын чендерин колдонуу менен иш жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агентигинин Ош облустук бөлүмү менен макулдашып, каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн шаар мэриясынын Муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментинин директорунун милдетин аткаруучу У.Мусажановго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |
| Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 14-апрелиндеги №11/6 токтомунун № 1 тиркемеси |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
S | Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу м2 | 1-50 м2 га чейин | 51-100 м2 га чейин | 101-200 м2 га чейин | 201-300 м2 га чейин | 301-500 м2 га чейин | 501-1000 м2 га чейин | 1000 м2 жогору |
C | Баасы: м2 (сом) | 0,8 | 0,60 | 0,54 | 0,32 | 0,28 | 0,24 | 0,20 |