ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI чакырылышынын) кезексиз X сессиясы
2018-жылдын 14-апрели № 11/8
Өзгөн шаарынын 1-вице-мэрин дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р. Атаджановдун 2018-жылдын 2-апрелиндеги №260 сунуш катынын негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамадалиев Шакир Шамшидиновичти - Өзгөн шаарынын 1-вице-мэри кызматына дайындоого макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р. Атаджановго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Джалилов |