Редакцияот 14.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(VI чакырылышынын) кезексиз X сессиясы

2018-жылдын 14-апрели № 11/7

Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багын чарбалык эсепке өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү», «Муниципалдык менчик жөнүндөгү» мыйзамдарына ылайык, Өзгөн шаардык мэриясынын 2018-жылдын 6-апрелиндеги №299 катынын жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча», «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссияларынын 2018-жылдын 11-апрелиндеги №4 биргелешкен отурумунун протоколунун негизинде,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөн шаарындагы Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багын чарбалык эсепке өткөрүүгө макулдук берилсин.

2. Өзгөн шаарындагы Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багын чарбалык эсепке өткөрүүдө керектүү юридикалык, укуктук жана башка иш кагаздарын мыйзам чегинде тактап даярдоо бактын директору Х.Джумаевге милдеттендирилсин.

3. Өзгөн шаар мэринин милдетин аткаруучу Р.Атаджановго:

 - Бактын чарбалык эсепке өткөрүүдө керектүү юридикалык, укуктук жана башка иш кагаздарын тактап даярдоону көзөмөлдөө,

- Бактын генпланын даярдоону жана башка депутаттардын тапшырмаларын так аткарбагандыгы үчүн Өзгөн шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Э.Нишанбаевдин кызмат ордун кароо боюнча тийиштүү жерлерге кайрылуу милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча», «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Джалилов