Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын 34 сессиясы
2016-жылдын 22-августу № 34-2
Ноокат райондук аймактык ооруканасынын "Жал" бөлүмүнүн башчысы А.Абдуллаевдин сураныч катын кароо жөнүндө
Ноокат райондук аймактык ооруканасынын "Жал" бөлүмүнүн башчысы А.Абдуллаевдин сураныч катын угуп, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 18-беренесине, жер кодексинин 44-беренесинин 3 пунктуна таянып Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жал" айылдык ооруканасына тийешелүү болгон бактын ичинен карылыгы жеткен 29 түп теректи кесүүгө уруксат берилсин.
2. Карылыгы жеткен бак-дарактарды кестирүү үчүн комиссия курамы түзүлсүн.
1. А.Абдиллаев-Жал айылдык ооруканасынын бөлүм башчысы.
2. Исманов С-завхоз
3. Г.Ашимова- профсоюз уюумунун төрайымы.
4. Мадумаров Т- улуу мед.айым.
5. А.Каратаева-врач кордиолог
6. Г.Абдуллаев-айыл өкмөтүнүн жер адиси.
7. С.Бойдонов-муниципалдык менчик обьектилерин куруу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси.
3. Кесилген теректер сатыкка коюулуп, акчасы оорукананын ремонтуна иштелсин.
4. Акча каражатын сарамжалдуу иштетүү жагы А.Абдиллаевге тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-чарба ,суу, жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Ажибаев |