Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын 35 сессиясы
2016-жылдын 18-ноябры № 35-3
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн бардык жер фонддорун инвентаризациялап, акт аркылуу өткөрүп алуу жөнүндө
"Кыргызмамжердолбоор" институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык жер фонддорун инвентаризациялоо боюнча жүргүзүп жаткан иштерин комиссия аркылуу акты менен өткөрүп алуу максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын № 18-беренесинин 15 пунктуна , № 31-беренесинин 17 пунктуна, № 47-беренесинин 7 пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргызмамжердолбоор" институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык жер фонддорун инвентаризациялоо боюнча жүргүзүп жаткан иштерин комиссия аркылуу акты менен өткөрүлүп алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жүктөлсүн.
Төрага | А.Ажибаев |