Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын 35 сессиясы
2016-жылдын 18-ноябры № 35-5
"Айылкурулуш" муниципалдык ишканасынын мекеме-ишканаларга таштандыларды ташуу боюнча тарифине жана көлөмүнүн нормасын эсептөө боюнча өзгөртүү киргизүү жөнүндө
"Айылкурулуш" муниципалдык ишканасынын мекеме-ишканаларга таштандыларды ташуу боюнча тарифине жана көлөмүнүн нормасын эсептөө боюнча өзгөртүү киргизүү боюнча "Айылкурулуш" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Боркош уулу Дамирдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 1981-жылдын 11-декабрь айында чыккан № 457-р буйругуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Айылкурулуш" муниципалдык ишканасынын мекеме-ишканаларга таштандыларды ташуу боюнча тарифине жана көлөмүнүн нормасын эсептөө боюнча өзгөртүү киргизилсин.
2. "Айылкурулуш" муниципалдык ишканасы каттуу тиричилик таштандыларын ташуу жана көмүү кызматын айыл өкмөтү менен таштандылардын чогулган нормасы боюнча келишим түзүлсүн.
3. Келишим 2016-жылдын 1-октябрь айынан баштап аткарууга алынсын.
4. Жаныдан коюлган таштандылардын нормасын Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы мекеме-ишканаларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Ажибаев |