Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын 35 сессиясы
2016-жылдын 18-ноябры № 35-6
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Дөбө айылындагы "Тилекмат" балдар бакчасынын эскилиги жетип кооптуу абалда болгондугун эске алуу менен аны бузуп, жерин муниципалдык менчикке алып, ордуна жаныдан Кош-Дөбө мечитин куруу жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Добо айылындагы жайгашкан "Тилекмат" балдар бакчасынын имаратынын К.Р архитектура жана курулуш мамлекетттик агенттигин алдындагы "Кыргыз НИИПсейсмостойкого строительство" оперативдик изилдөө актысынын 2010- жылдын 02 августтагы,"Тилекмат" балдар бакчасына имаратынын баалоо боюнча биздин айыл өкмөтүнүн суроолоруна негиз " Мир природы" жоопкерчилиги чектелген коому "Тилекмат" балдар бакчасынын имаратыны балоого жүргүзгөн корутундусуна негиз жана Ноокат райондук "Ноокат таны" газетасынын №11-12 (9095) 21.03.2016 жылдагы аукционго жарыя берилген күнү эч ким келбей катталбай №23-24 (9107) 06.06.2016 жылдагы экинчи ирет аукционго эч ким келип катталбагандыгына байланыштуу Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө 2016- жылдын 14- апрелиндеги № 80 буйругун негизинде Кыргыз Республикасынын жер кодексинин № 13-32-44 беренесинин таянып Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2016- жылдын 14- апрелиндеги № 80 буйругун негизинде Кош - Добо айылындагы жайгашкан "Тилекмат" балдар бакчасынын имаратына экинчи жолу аукцион жолу менен сатуу үчүн түзүлгөн комиссиянын 2016-жылынын 6-июнундагы №2 протолу бекитилсин.
2. " Тилекмат" балдар бакчасынын эскилиги жетип кооптуу абалда болгондугун эске алуу менен аны бузуп, ал эми орду муницпалдык менчикке калтырылсын.
3. "Тилекмат" балдар бакчаснын ордуна элдин суроо талабы боюнча Кош-Дөбө айылына жаны мечит куруу жагы айыл өкмөтүнөн суралсын.
4. Ноокат райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынан архитектуралык-пландоо шарттарын даярдап берүү жагы суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн жер адиси Г.Абдуллаевге милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-чарба, суу, жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Ажибаев |