Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы
2016-жылдын 25-июлу № XXXII/1
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү тууралуу келишимди бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү Өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамынын 20-беренесинин жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" органдарына айрым мамлекеттик укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Улуттук Статистика комитетинин Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн Кара-Таш айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишиминин мазмуну менен таанышып чыгып жана талкуулап айыл кенеши
( А/ кенештин туруктуу комиссиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү Ноокат райондук статистикалык бөлүмү менен Кара-Таш айыл өкмөтүнүн түзгөн келишими бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Арынов |