Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-майы № 5/2
“Туу Чолпон” коомдук уюмунун каражаттарын пайдалануунун абалы жөнүндө
Каралуучу маселе боюнча “Туу-Чолпон” коомдук уюмунун төрагасы Саты уулу Бакыттын маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Туу-Чолпон” коомдук уюмунун акча каражаттарын пайдаланууда олуттуу кемчиликтерге жол берилгендиги белгиленсин.
2. Элден өндүрүлбөй калган коомдук уюмдун акча каражатын өндүрүү үчүн курамы 5 (беш) адамдан турган комиссия түзүлсүн:
1) А.Карбозов-айыл өкмөтүнүн башчысы, комиссиянын төрагасы;
2) Т.Токтомушов-айылдык Кеңештин депутаты, комиссиянын катчысы;
3) Чолпонкул уулу Нурадил- айылдык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;
4) Саты уулу Бакыт-аталган уюмдун төрагасы, комиссиянын мүчөсү;
5) А.Усубалиев-айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы, комиссиянын мүчөсү;
3. Аткарылган иштер боюнча кийинки айылдык Кеңештин сессиясына маалымат берүү жагы комиссия курамына тапшырылсын.
4. “Туу-Чолпон” коомдук уюмунун ишин, айыл өкмөтү менен бирдикте жандандырып, колго алуу жагы уюмдун төрагасы Саты уулу Бакытка тапшырылсын.
Төрага | Ч.Жеңишбеков |