Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-майы № 5/3
“ Чоң-Туз” жоопкерчилиги чектелген коомунун “ Чоң-Туз” шахтасын жана санаториясын иштетүү жана пайдалануу лицензиясынын мөөнөтүн узартпоо жөнүндө
Каралуучу маселе боюнча Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчы А. Карбозовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айылаймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Чоң-Туз” жоопкерчилиги чектелген коомдун Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу
“ Чоң-Туз” туз кенин казып иштеткендиги, спелеолечебница (үнкүр ичинен дарылоо)санаториясын пайдалангандыгы үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетине (жергиликтүү бюджетке) киреше алып келбей иштетип жаткандыгы белгиленсин.
2. “ Чоң-Туз” жоопкерчилиги чектелген коомунун, (ООсО) “ Чоң-Туз” шахтасын жана санаториясын иштетүү жана пайдалануу максатында алган лицензиясынын 3757 ТЕ (НМ-101-03) мөөнөтү 03.06.2017-жылы аяктоо алдында тургандыктан, мөөнөтү бүткөндөн кийин шахтаны иштетүү, санаториянын пайдалануу лицензиясын, ачык “аукцион” өткөзүү жолу менен берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин төрагасы Д.Т. Зилалиевдин суралсын.
3. Токтомдун аткарылышына тиешелүү иш аракеттерди көрүү менен, көзөмөл жүргүзүү үчүн, курамы 3 (үч) адамдан турган комиссия түзүлсүн:
1. Ирсалиев Молдобек- Айылдык Кеңештин депутаты, комиссия төрагасы;
2. Жеңишбеков Чолпонбек –Айылдык Кеңештин төрагасы, комиссия мүчөсү;
3. Байтелиев Карыпбай – Жооптуу катчы, комиссия мүчөсү.
Төрага | Ч.Жеңишбеков |