Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-майы № 5/4
Ара-Көл айылынын ичинен өткөн асфальт жолго белбаскак (лежачий полицейский) жаткыруу жөнүндө
Каралуучу маселе боюнча Ара-Көл айылынын айыл башчысы Жузупов Турусбектин маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ара-Көл айылынын чоң көчөсүн кесип өткөн асфальт төшөлгөн жолдон өтүүчү автоунаалар балдар, окуучулар, жалпы айыл тургундары үчүн кооптуу абал жаратып жаткандыгы белгиленсин.
2. Жолдон өткөн автоунаалардын ылдамдыгын азайтуу максатында жол үстүнө тиешелүү жерлерге белбаскак (лежачий полицейский) төшөтүү үчүн тиешелүү органдарга кайрылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго тапшырылсын.
Төрага | Ч.Жеңишбеков |