Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-майы № 5/5
Нарын областынын Кочкор районунун Чолпон айылдык аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоорун бекитүү жөнүндө
Чолпон айылдык айыл өкмөтүнүн 2016-жылынын аяк оона айынын 20-дагы №110-Б Чолпон айылдык аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоорун бекитүү жөнүндө буйругунун негизинде, “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган Чолпон айылдык аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоорубоюнча материалдарын карап чыгып, Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктунаылайык Чолпон айылдык Кеңеши
токтом кылат:
1. Кочкор районунун Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чолпон, Осоавиахим, Туз, Ара-Көл, уч.Оро-Башы, Эпкин, уч.Ак-Чий, уч.Андагул, уч.Ак-Өргө, Шахта-Туз, Узун-Булак, уч.Эт-союз, уч.Төш калктуу конуштарынын чек араларынын белгилөө долбоору боюнча “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдалган материалдары жактырылсын.
• Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чолпон, Осоавиахим, Туз, АраКөл, уч.Оро-Башы, Эпкин, уч.Ак-Чий, уч.Андагул, уч.Ак- Өргө, Шахта-Туз, Узун-Булак, уч.Эт-союз, уч.Төш калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоору боюнча ”Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик институнун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдалган материалдары Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүгө сунушталсын.
• Токтомду көзөмөлдөө жагы Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Карбозовго милдеттендирилсин
Төрага | Ч.Жеңишбеков |