Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 09-июну № 6/3
“У.Малтабаров” атындагы орто мектебинин шиферлерин которууга акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Айыл өкмөттүн финансы –экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А.Усубалиевдин 28.05.2017-жылдагы катуу шамалдын кесепетинен Осоавиахим айылындагы “У.Малтабаров” атындагы орто мектебинин шиферлери, устундары жараксыз абалга келгендиктен, тез арада алмаштырып, оңдоо зарылдыгы келип чыккандыгы жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Осовиахим айылындагы“У.Малтабаров” атындагы орто мектебинин шиферлерин которууга порталга (тендерге) жарыяланбастан айыл өкмөттүн “Ар кандай чыгымдар” эсебинен 35000-00 (отуз беш миң ) сом акча каражаты тиешелүү соода түйүнүнө которулуп берилсин.
2. Бул 35000-00 (отуз беш миң) акча каражатын тиешелүү соода түйүнүнө которуп берүү жагы айыл өкмөттүн финансы –экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А.Усубалиевге тапшырылсын.
Төрага | Ч.Жеңишбеков |