Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24- июлу № 7/5
“Туу Чолпон” коомдук бирикмесинин ишин жандандыруу боюнча иш аракеттердин жыйынтыгы жөнүндө
“ Туу Чолпон”коомдук бирикмесинин ишин жандандыруу боюнча иш аракеттердин жыйынтыгы жөнүндө айылдык Кенештин төрагасынын маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“ Туу Чолпон” коомдук бирикмесинин ишин жандандыруу максатында, коомдукбирикмеден келишимдин негизинде кайтарымдуу үстөк пайыздуу акча каражатын алган адамдарга кайтарып берүүгө эки айлык мөөнөт берилсин. Бул мөөнөттүн ичинде кайтарып берүүдөн баш тарткандарга тийиштүү чара көрүү менен акча каражатын кайтаруу максатында тийиштүү органдарга маселени чечип берүүнү сурап кайрылуу жагы сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин төрагасы Ч. Женишбеков жана Кеңештин бюджет, экономика муниципалдык менчик туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Токтомушовго тапшырылсын.
Төрага | Ч. Жеңишбеков |