Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24- июлу № 7/6
“ Чоң-Туз” шахтасынын мыйзамсыз иштетилип жатышы. Бул көйгөйлүү маселени чечүү жолдору жөнүндө
“ Чоң-Туз” шахтасынын мыйзамсыз иштетилип жатышы. Бул көйгөйлүү маселени чечүү жолдору жөнүндө айыл өкмөт башчысы А. Карбозовдун маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Чоң-Туз” шахтасынын мыйзамсыз иштетилип жаткандыгы тууралуу, бардык маалыматтар камтылган айыл өкмөтүнүн жана айылдык Кеңештин каты дайындалып тийиштүү мамлекеттик органдарга жана министрликтерге жиберилсин.
2. Мамлекеттик каттоо кызматына “ Чоң-Туз” шахтасынын “ Мамлекеттик актысынын” айыл өкмөткө тезинен берүү талаптарын камтыган кат дайындалып Мамлекеттик каттоо кызматынын райондук бөлүмдөрүнө жиберилсин, белгилүү бир мөөнөттүн ичинде каанаттандырарлык жооп берилбесе башка жолдор менен кайтаруу каралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы А. Карбозовго милдеттендирилсин.
4. Көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин төрагасы Ч. Женишбековго тапшырылсын.
Төрага | Ч. Жеңишбеков |