Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24- июлу № 7/8
Эпкин айылындагы Эпкин жаңы конушуна электр жарыгын тартуу жөнүндө
Эпкин айылындагы Эпкин жаңы конушуна электр жарыгын тартууга 20 (жыйырма) темир-бетон түркүгүн алуу үчүн айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси А. Усубалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эпкин айылындагы Эпкин жаңы конушундагы электр жарыгын тартуу иштерине керектелүүчү 20 (жыйырма) даана темир-бетон түркүгүн алуу үчүн 20000-00 (жыйырма миң) сом каражат бөлүнүп берилсин. Бул ишти бүтүрүү кыска мөөнөттү талап кылгандыктан тендерге (порталга) жарыяланбастан которуп берүү жагы ФЭБ башчысы – башкы эсепчи А. Усубалиевге милдеттендирилсин.
2. Бул каражат 2215ст. “ Таштанды чыгарууга” каралган 100000-00 (жүз миң) сомдун ичинен которулуп берилсин.
Төрага | Ч. Жеңишбеков |