Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24- июлу № 7/10
“Чолпон айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Оро-Башы, Ак- Чий, Узун-Булак калктуу конуштарынын “Айыл” статусун алуу боюнча жалпы чогулуштарынын Протоколдору жөнүндө”
Чолпон айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Оро-Башы калктуу конушунун жалпы тургундарынын чогулушунун 09.07.2017-жыл №1 Протоколун,Ак-Чий калктуу конушунун тургундарынын чогулушунун 14.07.2017-жыл №1 Протоколунун,Узун-Булак калктуу конушунун тургундарынын чогулушунун 12.07.2017-жыл №1 Протоколунун чечимдери боюнча Чолпон аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Ч.Жеңишбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Чолпон аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон айыл аймагына караштуу Оро-Башы, Ак-Чий, Узун-Булак калктуу конуштарынын тургундарынын суроо-талаптары канааттандырылып, Оро-Башы,АкЧий,Узун-Булак калктуу конуштарына “Айыл” статусу берилсин.
2. Калктуу конуштарга “Айыл” статусун берүүгө тиешелүү иш кагаздарын даярдап,мыйзамдаштыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Карбозовго тапшырылсын.
Төрага | Ч. Жеңишбеков |