Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 02-октябры № 8/2
Туз айылындагы Туз байланыш бөлүмчөсүнүн кеңсесин “ Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын балансасына өткөрүп берүү жөнүндө
Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Жеңишбеков Чолпонбектин, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын 14.08.2017-жылдагы №882 катында белгиленген Туз айылынын байланыш бөлүмчөсүнүн имаратын “ Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын балансасына өткөрүп берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туз айылындагы Туз айылдык байланыш бөлүмчөсүнүн имараты Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн балансасына чыгарылып, “ Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Кочкор райондук филиалынын карамагына өткөрүлүп берилсин. 2. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы (балансасындагы) кыймылсыз мүлктүн каттоосунан балансасынан чыгаруу жагы айыл өкмөт башчысы А. Карбозовго тапшырылсын
Төрага | Ч.Жеңишбеков |