ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-ноябры № 9/2
« 28 » ноябрь 2017-жыл, № 9/2 Чолпон айылы Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Чолпон айылдык аймагынын 2017-жылынын 27-ноябрындагы №137-б токтомунун негизинде, “ Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институтунун Республикалык топурак аргохимиялык станциясы даярдаган Чолпон айыл аймагынын жер фондун инвентарлоо материалдарын карап чыгып жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын жер фондун инвентарлоо боюнча иш кагаздарын жана актысын карап чыгып, даярдалган материалдары макулдашылсын
2. ”Сөң-Көл участогундагы “ запастагы” категория жерлери “ айыл чарба” багытындагы жерлердин категориясына которулсун.
3. Чолпон айыл аймагынын жер фондун инвентарлоо боюнча материалдарын, райондун администрациясына бекитип берүүгө, киргизүү жагы райондук жагы райондук мамлекеттик администрация башчысынын 2016-жылдын аяк оона айынын 13-дөгү №163-б буйругу менен түзүлгөн комиссиядан суралсын.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Ч.Жеңишбеков |