Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-февралы № 21/1
Бел айыл аймагынын 2015-жылдагы социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн жыйынтыктары 2016-жылга милдеттери жөнүндө
Бел айыл Өкмөтү өзүнүн ишин өлкөнү өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдаргы кабыл алган стратегиялык иш планынын негизинде жүргүзүп ,2015-жылы төмөнкүдөй көрсөткүчтөргө жетише алды. Жыл ичинде калктын саны 11607 адам балуп 2178 кожолукту түздү. 283 наристе төрөлсө,95 жаран никеге туруп,54 адам ааламдан өткөн.Бүгункү күндө айыл аймагында 325 аз камсыз болуп жөлөк пул алгандар,762 пенсионерлер,108 майыптар анын ичинен 64 ү майып балдар,50 эмгектин ветерандары,Улуу Ата Мекендик Согуштун 1 ветераны,7 жалгыз бой үй-булө жашайт. 3 орто1толук эмес орто,1 башталгыч класстардын мектеби,2үй-бүлөлук дарыгерлер тобу,3 балдар бакчасы,4 тойкана,4 тегирмен,25 соода түйүндөрү,2 жыгач тилүүчү жай, 2дөнгөлөктөрдү желимдөочу ишкана,2 май куйуучу ишкана,2 чон мончо элдин кызматында.2015-жыл ичинде 889 га буудай,180га арпа 208 га жүгөрү, 70 га картошка,180 га тоют 555 га жерге айдалып,буудай жана арпанын орточо түшүмдүүлугү 22,5 ц,картошканын орточо түшүмдүулүгу 162 тонна,жүгөрү өсүмдүгунун орточо түшумдүулугу 65,5 ц,жашылчадан гектарынан 19ц ден тушум жыйналып ,дүн түшум 113 тоннаны түздү. Кайра бөлүштүрүү фондусунун 115 га жери пайдаланылбай калган.Мунун негизги себеби жер жан боор,таштак болгондуктан эч ким ижарага алган эмес. Күнөскана куруу,тамчылатып сугаруу иштери жакшы жолго коюлган жок. Жыл ичинде дыйкандардын үлуштук жерлерин сел коркунучунан сактоо боюнча Өзгөчө кырдаалдар Министрлигине 5 проект жазылып,өткөрүлду жана аны турмушка ашыруу боюнча Ысырык Ой бөлумүндөгү 1158 метр селкана,Карангы-Сай,Артык-Сай 500метр селкана,Жаш селканасы 400 метр,Тегирмен-Башы бөлумүндөгу 620 м селкана өзгөчө кырдаалдар Министрлиги тарабынан тазаланды. Борбаш айылындагы Акматова Гүлайым атындагы көчөнун башындагы Бо-Бой селканасы техниканын жетишсиздиген токтоп турат. Техника маселеси чечилсе ӨКМ тарабынан тазаланат.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылда социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүу багытында бир топ иш аракеттердин болгондугу белгиленсин.
2. Айыл Өкмөтүнун бекитилген бюджетин толуктоо багытында тынымсыз иш аракеттерди жүргузүү менен ар ай сайын жеткирилген план-тапшырмаларды өз убагында толук аткарылышын камсыз кылуу үчүн чечкиндүү аракеттерди көрүү айыл Өкмөтүнун аппарат кызматкерлерине жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасында 2016- жыл “ Тарых жана маданият” деп жарыялангандыгына байланыштуу,аны ишке ашыруунун конкреттүү иш чарасын иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу айыл Өкмөтүнүн кызматкерлерине тапшырылсын.
4. Айылдардын инфрастурктурасын жакшыртуу менен жаштарпды патриоттуулукка тарбияло,спортко тартуу менен сергек жашоого чакыруу боюнча тийиштүү иш чараларды көрүү айыл башчыларга милдеттендирилсин.
5. Айыл Өкмөтүнун жер адиси Абдазовго
- Айыл аймагындагы суулуу жерлердин иштетилбей калышына жол бербөо,күнөсканаларды куруу,твамчылатып суугаруу боюнча тийиштуу иш чараларды көрсүн.
- Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин сарамжаолдуу пайдаланууга зор көнү бурсун.
6. Айыл аймагындагы балдар бакчаларынын башчыларына,мектеп директорлоруна
- Мектептердин балдар бакчаларынын материалдык-техникалык базаларын чындоо багытында тынымсыз аракеттерди көрүшсүн,билим берүүнун сапатын жогорулатууга ,тарбиялык иштердин денгээлин көтөрүу багытында иш чараларды көрүшсүн.
7. Милициянын участкалык инспектору Жакшыбай уулу Муратка
- Айыл аймагындагы коомдук уюмдар менен тыгыз иш жүргузүп,кылмыштуулуктун алдын алуу,санын кескин кыскартуу боюнча иштерди алып барышсын.
8. УБДТнун жетекчилерине (Паизова .А, Өмүрзакова )
-калктын медициналык жактан тейлөө боюнча калк арасында профилактикалык түшүндүрүү, алдын алуу иштерин жургүзүү үчүн өзгөчө көнүл буруу менен жугуштуу оорулардын алдын алуу жана аларды кыскартуу боюнча зарыл чараларды көрүлсүн:
-Энеликти коргоо ымыркайлар арасында набыт болуу көрсөткүчүн төмөндөтүү боюча иш чаралардын так аткарылышын көзөмөлгө алышсын.
9 . Айыл аймагындагы мечиттердин имамдарына;
-Ысырапкерчилике жол бербөө, ашыкча чыгымдарды толтурбоо максатында эл арасында түшүндүрүү иштерин улантуу;
- Салттуу динге жат болгон карүнүштөргө каршы иш-аракеттерди жүргүзүү, укук корго органдары менен биргеликте чет олкодо окуп жана иштеп жаткан жарандар болсо аныктоо, диний эктремизимге бөгът коюу боюнча каллк арасында тшүндүрүү иштерин алып барууну;
-аракечтик уурулук,зомбулука каршы, салык толомдоруно, электр энергиясына карыз жарандар менен аны толоо туралуу жеринде иш алып барууну.
10. Айыл аймагындагы мекеме-уюмдардын жетекчилерине ушул токтомдун аткарылышы боюнча малыматты ар бир чейрек сайын айдын башында берип турушсун
11. Токтомдун аткарылышын козомолдоо айыл окмотунун башчысынын орун басары А.Жумаевага, жооптуу катчы Б.Эркебаевага тапшырылсын
Төрага | Бекботоев Т. |
Урматтуу жолдоштор! Жыйынга чакырылган мекеме-ишканалардын жетекчилери айыл Өкмөтү өзүнүн ишин Кыргыз республикасынын 2013-2017-жылдарга бекитилген өлкөнүн социалдык өнүгүү стратегиясын жетекчиликке алып иш жүргүзүп келүүдө. Айыл Өкмөтү тарабынан айылдын 2015-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн иш планын иштеп чыгып,анын негизинде 2015-жыл ичинде төмөнкүдөй иштерди аткарууга жетише алды.
2015-жылдын 1-январына карата айыл Өкмөтүндө 2178 кожолукта 11607 адам жашайт. Анын ичинен айылда жашап тургандары 10571 адам,убактылуу башка жакта иштеп жүргөндөр бүгунку күндө 1036 адамды түзөт. Айыл аймагындагы калктын негизги бөлүгү кыргыз улутундагылар,андан сырткары 1 %ке жакын башка улуттун өкүлдөрү жашашат. Категориялар боюнча талдап келсек:
Аз камсыз болгон пособие алуучулар 325 кожолук,пенсионерлер 762 ,майыптар 108, анын ичинен майып балдар 64, эмгектин ветерандары 50,Улуу Ата Мекендик согуштун ветераны 1, жалгыз бой кожолуктар 7 үй-бүлө.
2015- жыл ичинде 283 наристе төрөлүп, 95 жаран нике күбөлүгүн алышса 53 жаран ааламдан өткөн. Бүгүнкү күндө:
Айыл аймагында 3 орто 1 толук эмес орто,1 башталгыч класстардын мектеби,2 уй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 3 балдар бакчасы, 4 тойкана, 4 тегирмен,25 соода түйүндөрү ,2 жыгач тилүүчү жай 2 дөнгөлөктөрдү желимдөөчү ишкана, 2 май куйуучу (АЗС) ишкана 2 чон мончо элдин кыматында.
Айыл чарбасы боюнча:
2015-жылда айыл аймагында төмөнкүдөй айыл-чарба өсүмдүктөрү айдалган
Буудай 889 га, арпа 180 га, жүгөрү 208 га,жашылча 70 га , картошка 180га, тоют 555 га жерге айдалып, буудай жана арпа өсүмдүгүнун орточо түшүмдүлүгү 22,5 ц түздү.Жүгөрү өсүмдүгүнүн орточо түшүмдүүлугу 65,5 ц ди түздү.Картошканын орточо түшүмдүүлугу 162 тоннаны түздү. Жашылчадан гектарынан 19 ц ден түшүм жыйналып,дүн тушум 113 тоннаны түздү.Кайра бөлүштүрүү фондусунун 115 га жери пайдаланылбай калган,мунун негизги себеби жан боор,таштак, саздак ж.б жерлер болгондуктан эч ким ижарага албай койгон .Айыл чарба өсүмдүктөрунун түшумдүүлүгун жогорулатуу багытында 2016-жылы Күнөскана куруу,тамчылатып сугаруу иштерин турмушка ашыруу багытында даярдыктар көрүлүп жатат. 2015-жылы дыйкандардын 2,85 га үлүштук жерлерин сел алып кетти,анын кесепеттерин жоюу боюнча иш аракеттер жүргүзүлдү.
ӨЗГӨЧӨ К ЫР ДААЛДАР Б О Ю Н Ч А :
2015-жылда дыйкандардын үлуштүк жерлерин сел коркунучунан сактоо боюнча Өзгөчө кырдаалдар Министрлигине 5 проект жазылып,өткөрүлдү жана аны турмушка ашыруу боюнча Ысырык-Ой бөлүмүндөгү 1158 метр селкана,Карангы-Сай,Артык-Сай 500 метр селкана,Жаш селканасы 400 метр,Тегирмен-Башы бөлүмүндөгу 620 метр селкана өзгөчө кырдаалар Министрлиги тарабынан тазаланды.Борбаш айылындагы Акматова Гүлайым атындагы көчөнун башындагы Бой-Бой селканасы техниканын жетишсиздигинен токтоп турат,техника маселеси чечилсе ӨКМ тарабынан ишке ашырылат.Күнгөй бөлүмүндөгү Самидинов Мамажунустун жанындагы узундугу 250 метр тазалоого муктаж болгон жер проекке кирбей калгандыктан тазаланбай калган,бул маселени чечпесек 2016-жылда да дыйкандарга түйшук алып келиши күтүлөт. Муну ишке ашыруу боюнча проект жазып,ӨКМ га берүү аракеттери көрүлүудө.Борбаш айылындагы Күнгөй мааласындагы 460 метр селкана айыл Өкмөтү тарабынан тазаланып, 60,0 мин сомдук иштер аткарылды жана бузулган жолдорду ондоп түзөо иштерине айыл Өкмөту тарбынан 15,0 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.2015-жылдын күз айындагы жер титирөодөн жабыр таркан Шерматов Салинин,Ысманалиев Мамасадыктын үйлөрү,ошондой эле Жаш толук эмес орто мектебинин имараты жабыр тартышкан. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар Министрлигинин Ноокат райондук бөлүмүнмаалыматтапрт берилген,бирок эч кандай маалыматтар алынган эмес.
М А Л Ч А Р Б А С Ы Б О Ю Н Ч А :
2015-жылдын 1-январына карата малдын башы 3720 баш кара мал,кой-эчкилер7421 баш, жылкылар 538 башка жеткен. Малдардын асыл тукумдуулугун жогорулатуу, ар турдүү илдеттерден сактоо,эпизотикалык абалды туруктуу кармоо багтында иштер жүргузүлүп,айыл Өкмөтунун ветеринар кызматкерлери тарабынан кара малдын яшур ыланына каршы 480 башты, паразитардык ыландар боюнча 2900 баш,майда жандык РЕВ-1 бруцеллез боюнча 2910 баш, майда жанедыктардын оспа ооорусу боюнча 2560 баш,майда жандыктардын кыргын ыланы боюнча 1960 баш,иттердин кутурма оорусуна каршы 160 баш, ит- мышыктардын эхинококкоз ыланына каршы дары ичирүү боюнча 620 баш ка эмдөөлөрдү жүргүзүкөн. Ал эми жылдын башынды кутурма ооорусуна каршы айыл аймагындагы 237 жолбун ит –мышыктар атып жок кылынды. Бүгүнкү күндө кара малдардын шарп ыланына эмдөө жана бруцеллез оорусуна каршы малдардан кан алуу жүргүзүлдү.
Ө Н Ө Р Ж А Й .
2015-жылда айыл аймагында төмөнкүдөй өнөр жай ишканалары иштеп элге кызмат көрсөтүштү.
Магазиндер - 25,унаа ондоочу жай 2, той өткөрүүү жайлар 3,ашканалар 2,май куйуучу ишкана 1,унаа тетиктерин сатуучу ишкана 1,песко блок чыгаруучу ишкана 2,жыгач тилүүчү ишкана 2,ун тартуучу тегирмендер 2,жем тартуучу тегирмендер 2,пахта тазалоочу ишкана 1, навайкана 1, мончолор 2, курулуш материалдарын камсыздоочу ишкана 1.2015-жылы жеке ишкер Мамажанов Нурбек тарабынан акиташ чыгаруучу ишкана ишке киргшизилди. Жеке ишкер Асамидин уулу Максат тарбынан элге кызмат көрсөтүү багытында мончонун курулушу өз каражатынын эсебинен башталып бүткөрүлуп ишке киргизилди..
Бел айыл аймагындагы 25 дүкөн болсо алардын баары патенттин негизинде иш жүргүзөт, Унаа оңдоочу жайлар ай сайын 900 сомдон патент төгүп 2015-жыл ичинде 10800 сом патент төгүп иш жүргүздү. Ал эми айыл аймагындагы үч ресторандар элге кызмат көрсөтүп 2015-жыл ичинде келишим дин негизинде иш жүргүзүштү жана алдындагы жерлерине 57 ,0 сом айыл чарба эмес багытындагы салыгын төлөп иш жүргүзүп келди.
Өнөр жай багытында иш жүргүзүп жаткан кээ бир чон соода түйүндөрү сатууга коюлган буюмдарына толук патент албай иш жүргузүп жатышат.Ашканалар жыл ичинде 82,4 мин сомдук, пахта тазалоочу жай 343,3 сомдук, кийим тигүу цехи 50,0 мин,навайкана жыл ичинде 40,0 сомдук,2 жыгач тилүүчү ишкана 82,4 сомдук,песко блок чыгаруучу үч ишкана 203,5 сомдук АЗС 890,0 мин сомдук иш жургүзүшкөн. Айыл Өкмөтүн ,айыл аймагында кайра иштетүүчу ишканаларды курууга кызыккан жарандардын болбой жаткандыгы өкүндүрөт. Бул багытта мамлекет тарабынан женилдетилген кредиттер берилип жатат, бирок пайдаланган жарандар жокко эсе. Кайра иштетүүчү ишканалар курулуп ишке берилсе жарандар иш менен камсыз болууга шарт түзүлмөк.
Айыл Өкмөтүнүн бюджети
Киреше бөлүгү брюнча.
2015-жылдын 12- айы үчүн бекитилген жергиликтүү бюджетинин планы киреше жана чыгаша боюнча 7630,6 миң. сомду түзөт. Ал эми, 12-ай ичинде киреше жана чыгаша боюнча такталган планы 9324,1 миң сомду түзөт. Жергиликтүү бюджеттинин өздүк кирешебиз боюнча 2015-жылдын 12-ай учүн бекитилген планы 3477,3 миң сом болсо, 12-ай ичинде такталган планы 4870,8 миң сомду түзүп, аткарылганы 5070,7 миң сом же болбосо 199,9 миң сомго көп аткарылды. Бул көрсөткүч 2014-жылдын 12-айына салыштырмалуу 1318,5 миң сомго къп аткарылган. Жергиликтүү бюджеттин көлөмү 829,8 миң сомго өстү.Бул акча каражаты киреше салыгы боюнча такталган планы боюнча 1200,0 миң сом болсо, 12-ай ичинде аткарылганы 1241,6 миң сомду тузөт, же болбосо 41,6 миң сомго көп аткарылды. Бирдык салыг 16,0 миң сом болсо аткарылган жок.Милдеттүү патент боюнча такталган план 2,0 миң сомду түзсө, 12-ай ичинде аткарылганы 10,0 миң сомду түзүп, 8,0 миң сомго көп аткарылды. Ыктыярдуу патент боюнча такталган план 280,0 миң сом болсо, аткарылганы 355,7 мин сомду түзүп, 75,7 миң сомго ашыкча аткарылды, же болбосо план 127,0 пайызга аткарылды. Ашыкча аткарылганынын себеби айыл Өкмөтүнүн аймагындагы жеке ишкерлердин толугу менен салыкка тартылгандыгынын негизинде көп салык топтолду. Кыймылдуу мүлк салыгынын такталган планы 679,0 миң сом болсо, аткарылганы 747,6 миң сомду түзүп, план 68,6 миң сомго ашыкча аткарылды. Кыймылсыз мүлк салыгы боюнча такталган планы 70,0 миң сом болсо, аткарылганы 61,1миң сомду түзүп, 87,3 пайызга аткарылды. Жер салыгы боюнча такталган план 691,5 миң сом болсо, аткарылганы 760,0 миң сомду түзүп, 68,5 миң сомго ашыкча аткарылды же болбосо, 110,1 пайызга аткарылды. Бирок, элден алынуучу жер салыгы боюнча такталган планы 138,5 миң сом болсо, аткарылганы 193,0 миң сомду түзүп, 54,5 миң сомго көп аткарылды. Сатуудан алынуучу салыктын такталган планы 185,0 миң сом болсо, аткарылганы 179,6 миң сомду түзөт, же болбосо 5,4 миң сомго кем аткарылды.Фондун жерин арендага бергенден алынучу салыктын такталган планы 195,0 миң сом болсо аткарылганы 244,5 миң сомду түзөт же болбосо 49,5 миң сомго ашыкча аткарылды. Мамлекеттик пошлина боюнча такталган план 38,0 миң сомду түзсө, аткарылганы 31,0 миң сомду түзөт, же болбосо 7,0 миң сомго кем аткарылды. Штраф боюнча такталган планы 62,0 миң сом болсо, аткарылганы 89,6 миң сомду түзүп, 27,6 миң сомго ашыкча аткарылды.
:
Катар № | Кирешенин аталышы | 2014-жылда аткарылганы | 2015-жылда тапшырма | 2015-жылда аткарыллганы | Айырма 2014-жылга салыштырмалуу 2015-жылга |
1 | Жергиликтүү бюджет | 4240,9 | 4870,8 | 5070,7 | 829,8 |
2 | Республикалык бюджет | 3964,6
| 4453,3 | 4453,3 | 488,7 |
| Бардыгы | 8205,5 | 9324,1 | 9524,0 | 1318,5 |
С О Ц И А Л Д Ы К Ж А Р Д А М Д А Р БОЮНЧА:
2015-жыл ичинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө толтурулган соц паспорттун негизинде кирешкелери эсептелип 325 үй-бүлөгө мамлекеттик жөлөк пул алууга Ноокат райондук социалдык өнүгүү башкарнмасына сунуш берилип, жөлөк пул чектелген.
“ Кургак учуктан сактоо жөнундөгу” мыйзамынын негизинде айыл Өкмөтүнун бюджетинен 16 адамга 34900 сом материалдык жардам берилген. Бир жаран Ысык-Көл облусундагы “Жети-Өгүз” санаториясынв барып даарыланып келди жана анын жол акысы үчүн айыл Өкмөтү тарабынан 3000 сом төлөнүп берилди. Айыл аймагындагы кризистик абалдагы 10 уй-бүлөөгө 2500 сомдон 23100 сомдук жардам берилди.Ал үй-бүлөөлөр( Жарматов Камилжан,Гапарова Минавар,Кенжебаев Абдыкаим,Назарбаев Жайлообай, Сапарова Шырманай, Сарыков Апсами ж.б.)
Борбаш айылынын тургуну өтө жакыр үй-бүлө Аматова Ырыска ден соолугунун начардыгына байланыштуу дарылануусуна 5000 сом акчалай жардам берилди.
1-июнь Балдарды коргооонун эл аралык күнүнө карата Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулган салтанаттуу кечеге Абдилла уулу Абдурасул, Максат уулу Нуртилектер барып катышып келишти. Айыл Өкмөтү тарабынан тоголок жетим балдарга,аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн балдарына айыл Өкмөтунун бюджетинен 10 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Мүмкүнчүлүгу чектелген,коляскага муктаж 2 жаранга Шайдиева Турсунай менен Абдраимова Гүлбахардын кызы Абдираимова Камилага коляска алынып берилди. Алардын жол акысы үчүн 1000 сом төлөнүп берилди. Айыл аймагындагы ар турдүү себептер менен туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 3 балага жакындан жардам көрсөтүлдү.Айыл аймагындагы тоголок,жарым жетим балдардын тизмелери дагы бир ирет такталды. Ата-Энелери сырт жакта иштеп жүргөндөрдүн балдары кимдин колунда тарбияланып жатат,аларга зордук –зомбулук көрсөтүлгөн жокпу деген иликтөө иштери жүргүзүлдү.
Айыл аймагындагы социалдык колдоого муктаж багары жок жалгыз бой 8 кишиге кышка карата 8000 сомдук материалдык жардам берилди.
ВИЧ-СПИД оорусу менен учетто турган 5 жараныбызга 7000 сом акчалай жардам берилди. 3-декабрь “ Инвалиддер күнүнө” карата айыл аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген майып балдарга соц.педагогдор менен биргеликте 5000 сомдук белектер берилди.
Айыл аймагындагы көп балалуу 9 эненин документтерин бүткөрүп “Баатыр Эне” медалын алууга жөнөттүк.
Б И Л И М Б Е Р ҮҮ БОЮНЧА:
Айыл аймагында жарандарга татыктуу тарбия берүү багытында 3 орто,1 толук эмес орто, 1 башталгыч мектеп иштеп жатат. Быйылкы окуу жылында биз үчүн чон кубаныч болду,анткени көп жылдан бери курулуш иши бүтпөй турган Додон мааласындагы мектептин курулушу Жогорку Кенештин вице-спикери Төрөбай Зулпукааровдун демилгеси менен Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассемблеясынын мүдүру Саит Баюминин каржылоосу аркылуу бүткөрүлүп ишке киргизилди.Алар тарабынан 1 миллион алты жүз мин сомдук курулуш матери алдары берилди.Мектептин ишке берилишине жергиликтүү жамааттын да кошкон сапымы чон болду. Мектепке атасынын ысымы ыйгарылган жеке ишкер Асамидин уулу Максат 500000сомго жакын демөөрчүлүк иштерин аткарып берди.Айыл Өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 320,0 мин сом акча каражаты которулуп берилди.Мектепке Саит Баюминин колдоосу менен 5 даана комьпютер берилди. Бүгүнкү күндө жалпы мектептерде 180 ден ашуун мугалимдер 2100 окуучуга татыктуу тарбия берип жатышат.
Кенеш орто мектебинде 25 класс комплектиси бар.60 мугалим эмгектенет. Жалпы окуучулардын жашоо шарты менен таанышып чыгуу үчүн жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн негизинде окуучулардын төмөнкүдөй категориясын аныкташкан. 91 окуучунун ата-энеси тышкы миграцияда жүрөт,32 окуучунун ата-энеси ажырашкан,33 жарым жетим балдар,8 окуучу майып,3 окуучунун мүмкүнчүлүгү чектелген мектепке келип окуй албагандар, 30аз камсыз болгон үй-бүлөөнун баласы,7 тарбиясы оор балдар катталган. Мектепте райондук масштабда орус тили сабагы боюнча семинар өткөрүлдү.Аны өткөрүүгө айыл Өкмөтү тарабынан 20 мин сомдук колдоо көрсөтүлдү. Айыл Өкмөтү тарабынан 1 даана 45 мин сомдук интерактивдуу доска 1 (бир) даана интерактивдүү доска комплектиси менен 88,0 мин сомго алынып берилди Мектептин эшик терезелерин капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча айыл Өкмөтү тарабынан проект жазылып 2миллион 714 мин 873 сомдук акча каражаты түрткү берүүчү гранттан утуп алып,азыркы учурда иш толугу менен аяктады. Айыл Өкмөтү тарабынан 150,0 мин сом өздүк салым үчүн бөлүнуп берилди..Мектептин материалдык-техникалык базасын чындоо багытында мектептин көмөкчү чарбасынан 15 түп терек кесип иштетүүгө уруксат берилген.
Г.Эргешов атындагы Бел-Өрүк орто мектеби боюнча 2014-2015-окуужылында 68 мугалим 815 окуучуга билим берип жатышат. Алар өздөрүнүн иштерин түзулгөн иш-пландын негизинде алып барышууда.Мектеп окуучуларын предметтик олимпиадага даярдоодо атайын топтор түзүлүп иш алып барып жатышат.
“Жыл мугалими-2015” кароо сынагына ангилис тили мукгалими Шерматова Фарида катышып зоналык мелдеште 1 орунду,райондо “Мыкты табылга” номинациясын женип алгавн. 2014-2015-окуу жылында мектепти 63 окуучу аяктаса анын ичинен 8 окуучу бюджеттик,19 окуучу контрактык негизде жогорку окуу жайынын студенттери болушту. Жакшы окуган 32 окуучуга 100 сомдон стипендия берилген. Мектептин эшик терезелерин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн айыл Өкмөтү тарабынан проект жазылып,3007905 ( үч миллион жети мин тогуз жүз беш) сомдук акча каражаты түрткү берүүчү гранттан утуп алынып,бүгүнкү күндө мектептин эшик ,терезелери толугу менен жаныланды.Айыл Өкмөтү тарабынан өздүк салым үчүн 280, мин сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Мектептин материалдык- техникалык базасын чындоо учүн мектептин көмөкчү чарбасынан 71 түп терек кесип иштетүүгө уруксат берилип,мектептин 9 окуу канасы тактайланып бүткөрүлгөн,ремонт иштерине айыл Өкмөтү тарабынан 80,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилген.. Жогорку Кенештин депутаты Надира Нарматованын жардамы менен интерактивдүү доска,проектор,комьютерлер алынып берилген. .
Мектептин жылытуу системасынын иштөо абалы талапка жооп бербейт. Мектептин жылытуу системасын ондоо боюнча2016-жылга 2миллион төрт жүз мин сомдук проект жазылып,ишке ашырылгпаны турат.
Жаш толук эмес орто мектебинде жаны окуу жылына карата класстык бөлмөлөр толугу менен ремонттолуп бүткөрүлгөн. Мектептин имараты өтө эски болгондуктан канчалык иш аткарылган менен талапка жооп бербейт 2015-жжыдлдын күз айындагы жер титрөөдөн да жабыр тарткан. 2016-жылга мектептин имаратын жанылоо боюнча аракеттер көрүлдү. Менктептин жаны окуу корпусун салууга аракеттер көрүлүп жатат.
ОЙ- Талаа орто мектеби боюнча 300 окуучуга 28 мугалим таалим –тарбия берет 2014-2015-окуу жылында окуучулардын билим сапатын жогрулатуу,жөндөмдүү окуучулаврды предметтик олимпиадаларга катыштыруу үчүн атайын топтор түзүлгон. Ага 45 окуучу тартылган.35 окуучуданг райондук турга 8 окуучу барып катышкан. 1 окуучу география сабагы боюнча райондук,облусттук денгээлде 1 орунду камсыз кылып,республикалык олимпиадада 4 орунду камсыз кылган. Көмөкчү чарбанын эсебинен 20 окуучуга 50 сомдон стипендия жана “ Ардак Грамота” берилди. Мектепте жургузулуп жаткан иштер менен биргеликте көптөгөн көйгөйлүү маселер бар. Мектептин имараты эски,ашар жолу менен салынган кпапиталдык ремонттон өткөрүу зарыл Класстык бөлмөлөр ным болуп балдардын көп ооруган учурлары байкалып жатат.Демөөрчүлөрдү таап,проетилерди жазып жаны мект\еп салууга баарыбыз аракет жасашыбыз керек. Мектепте компьютерлер аз. Мектептин жаны курулушун баштоого көмөк корсөтүү үчүн Бүткүл дүнөлук жаштар Ассамблясынын башчысы Саит Баюмиге кат жөнөтүлүп,пррррроектитс берилоген.
Б А Л Д А Р Б А К Ч А Л А Р Ы Ж Ө Н Ү Н Д Ө.
Айыл аймагында 3 балдар бакчасы иштеп жатат.” Күн балдары” балдар бакчасында 3 тайпада 30 дан 90 бала тарбияланат “Күн балдары “ балдар бакчасына айыл Өкмөтүнүн бюджетинен 150 000сом акча каражаты бөлүнгөн. 10000 сомго мектептен бөлдүрүп эсептегич коюлган.10 000 сомго бакчанын тепкичтери ремонттолгон. Айыл Өкмөтү тарабынан 57 метр дорожка тепкичтерге салынуу учун алынып берилген.Бала бакчанын кире бериш айбанчасына темирден эшик жана сыртка атайын тамак бышыруучу жай салынды.Жылытуу түтүктөрүн кошумча көмур менен жылытуу учун атиайын мештер курулуп жатат.Эмгек акылары толук мамлекеттик каржылоонун эсебинен жүргүзулөт.”Тимурлан-Алым” балдар бакчасында 3 тайпада 90 бала тарбияланат.
Тимурлан-Алым балдар бакчасына да айыл Өкмөттөн 150 000сом бөлүнгон.2015-жылдын март айында зооналдык семинар өткөрүлгөн .Айыл Өкмөтү тарабынан 5 мин сомдук колдоо көрсөтүлдү. Айыл Өкмөтү тарабынан бакчага энергетикалык паспорт, тех условия алынып берилди. 1 жамааттык 2013-жылдан бери иштеп келе жаткан тайпа мамлекеттик каржылоого өткөрүлдү.Балдар көп болгондуктан бүгүнкү күндө 4 кошумча тайпа жамааттык денгээлде ачылды.132,0 мин сомго ашкана курулуп берилди. 267,9 мин сомго бакчанын жылытуу системасы орнотулду. 28,8 мин сомго Ноутбук жана принтер алынып берилди.
“Жоогазын-Нуру” балдар бакчасында 2 тайпада 60 бала тарбияланат. Ремонт иштерине 100,0 мин сомдук акча каражаты айыл Өкмөтү тарбынан бөлүнүп берилди. Агна муздаткыч,бакчага энерго паспорт алында.Узуну 24 м,туурасы 3 м веренданын курулушу бүторүлдү.
А С К Е Р У Ч Е Т иштери боюнча:
2015-жылдын январь-февраль,март айларында 69 16 жашка толгон уландар алгачкы аскерге даярдоо комиссиясынан өткөрүлдү. Апрель,май айларында Кыргызстандын куралдүү кучтөрунө 18 жаштан 24 жашка чейинки уландар армияга чакырылып 10 улан комиссиядан өткөрүлдү.Азыркы учурда айыл аймагынан 17 жаран Мекеге кызмат кылып жүрөт. Альтернативдик кызмат өтөгөн жарандардын саны 81 адамды түзөт. Ал эми паспорт иштери боюнча 1974-жылкы үлгүдөгү паспорт менен жүргөн адамдардын паспорту алмаштырылды. 1994-жылкы үлгүдөгү пасорттор алмаштырылып жатат. Эл арасында сиздер ,биз түшүндүрүү иштерин жургузүп барышыбыз зарыл.
Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча тушундуруу иштери жургузулгондугуо байланыштуу айыл аймагында жыл ичинде кылмыштар катталган жок коомчулук менен биргеликте тушундуруу иштери тынымсыз жургузуло берет.
Бел айылынын Кашка бөлүмүнө суу чыгаруу үчүн 280,0 мин сомдук трубалар алынып берилди.
Урматтуу жолдоштор! Аткарылган иштер менен биргеликте орун алып жаткан кемчилдиктерибиз да арбын. Күнөсканаларды салуу,тамчылатып сугаруу иштерин жакшы жолго кое албай жатабыз. Таштандыларды ташып төгүүчү жайлар аныкталганы менен көрсөтүлгөн жерге таштандыларды ташып төгүугө эч ким маани бербей жатат. Соода түйндөрүнун алдына таштанды салуучу яшиктерди жасатуу боюнча тапшырмалар берилгени менен аткарылбай жатат. Мал жандыктарын каттоо учурунда колдо болгон малдардын так санын жашырып айтпаган кожолуктарыбыз арбын. Салоыктарды төлөо парз экендигине кээ бир жарандарыбыз маани беришпейт. Арыктарды тазалоо иштери көнулдөгүдо эмес.Жаз алдына чаап тазалоо иштерин уюштуруудага көнүл көш мамиле жасап жатабызАшарларга чакырсак саналуу гана жарандар катышат. Көчөлөрдү мыйзамсыз тосуп алуу фактылары кездешип жатат. Борбаш айылындагы спорт аянтасын ондоп түзөо иштерине демөөрчүлөрдү издеп табуу иштерине көнүл бурулбай жатат.
Урматтуу жердешт ер! !Баарыбыз бир максатка умтулсак,биримдик болсо,алдыга коюлган максаттарды иш жүзүнө ашырүү бир топ женил болор эле.
Бел айыл Өкмөтүнүн башчысы: Каратаев.М.А.