Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(бешинчи чакырылышынын) кезектеги жыйырма биринчи сессиясы
2016-жылдын 17-февралы № 21-10
«Бел айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы айылдык атайын эсеп бюджетинин аткарылышы, 2016-жылга айылдык атайын эсеп бюджетин бекитүү жөнүндө»
Бел айыл өкмөтүнүн 2014-жылга айылдык атайын эсеп бюджетинин аткарылышы, 2016-жылга каралган айылдык атайын эсеп бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Бел айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык депутаттардын Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016- жылга Бел айыл аймагындагы : Тимурлан Алым балдар бакчасында 4 группа 110 бала, Күн-Балдары балдар бакчасында 3 группа 90 бала жана “Жоогазын –Нуру” балдар бакчасында 2 группа 60 бала бардыгы болуп айыл окмөтү боюнча 9 группада 260 баланы 1 январынан баштап айыл Өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен каржыло жагы бекитилсин.
2. 2016-жылга Бел айыл өкмөтүнүн айылдык атайын эсеп бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 1300,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгу толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.
Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын 14-беренесинин 2- пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюлары эскертилсин.
4. Бел айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы айылдые атайын эсеп бюджеттин киреше бөлүгү 414,0 миң сомго, чыгаша бөлүгү 281,3 миң сомго же кирешенин чыгашадан 132,7 мин сомго кем аткарылгандыгы № 4,5 тиркемеге ылайык белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Бел айылдык Кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Бекботоев Т. |