Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(бешинчи чакырылышынын) кезектеги жыйырма биринчи сессиясы
2016-жылдын 17-февралы № 21-12
Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылдын 29-январындагы “2015-жылга жайыт пайдаланууда жүргүзгөн иштеринин аткарылышы жана 2016-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндөгү” № 1 жалпы жыйынынын токтомун бекитүү тууралуу
Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылдын 29-январындагы “2015-жылга жайыт пайдаланууда жүргүзгөн иштеринин аткарылышы жана 2016-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндөгү” № 1 жалпы жыйынынын токтомун депутаттардын айылдык кеңеш бекитүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылдын 29-январындагы “2015-жылга жайыт пайдаланууда жүргүзгөн иштеринин аткарылышы жана 2016-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндөгү” № 1 жалпы жыйынынын токтому бекитилсин.
2. Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жыл үчүн түзүлгөн божомол бюджети бекитилсин жана малдарын жайытка чыгаруу мөөнөтүн тиркемеге ылайык, айдап чыгуусун көзөмөлгө алуу ЖПБнын төрагасы А. Абабакировго тапшырылсын. (тиркеме тиркелет)
3. Бел жайыт пайдалануучулар арасында өрт коопсуздугун сактоо жана мал ылаңдарына каршы алдын-ала эмдөөлөрдөн өткөн малдардын ветеринардык аныктамасына карап жайытка чыгарууну көзөмөлдөө жагы ЖПБнын төрагасы А. Абабакировго тапшырылсын.
4. Бел жайыт пайдалануучулар тарабынан пайдаланылган жайыт акыларын өз убагында өндүрүү жана мамлекеттик салыктарды, социалдык казынага жана башка төлөмдөрдү өз мөөнөтүндө төлөнүшүн камсыздоо жагы ЖПБнын төрагасы А. Абабакировго тапшырылсын.
5. Жайыт жерлерине бак дарак эгип мурунтан тосуп алган жеке тараптардын жайыт акылары төмөнкүдөй болуп белгиленсин; жаңыдан олтургузулган бак-дарактардын 1 га жер аянты үчүн 500 сом, 5 жылдын ашкан дарактардын 1 га жер аянты үчүн 3000 сом. Белгиленген өлчөмдөгү жайыт акыларын төлөөдөн баш тарткан жеке тараптарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү колго алуу жана ага дагын баш бербеген жеке тараптардын жерлерин алып коюу, жайыттарды ачтыруу жагы ЖПБнын төрагасы А. Абабакировго тапшырылсын.
6. Жайыт жерлеринин экосистемасын жана малдардын эпизетологиялык абалын туруктуу сактоо максатында жайытка чыкчуу жолдорго айылдык аймактагы ветеринардык врачтар менен биргеликте ветеринардык-жайыт постторун уюштуруу жагы ЖПБнын төрагасы А. Абабакировго жүктөлсүн.
7. Райондук ЖПБлар Ассоциациясынын 2016-жылдын 19-январындагы № 2 катына негиз, Ноокат токой чарбасынын жайыт жерлеринде 1 баш Карамал, Жылкы жана Эчкилердин 1-айына 20-0 сомдон 3-айга 60,0 сом, койго айына 12,0 сомдон 3-айга 36,0 сом төлөп берүүсунушужактырылып, жайыт комитеттинин жана текшерүү комиссияларын шайлоо мезгилинде атайын орто же жогорку билимине кароо сунушу эске алынсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жер жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Бекботоев Т. |
| Депутаттардын Бел айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 21-сессиясынын 2016-жылдын “__” _____________ № ___ токтомуна тиркеме |
2016-жылга карата Бел ЖПБнын божомол түзүлгөн бюджети.Киреше булагы
Чыгашабулагы.
Бел жайыт пайдалануучулар тарабынан жайытка чыгуу мөөнөттөрүн белгилөө убактысы.
|