Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз 10 сессиясы
2018-жылдын 11-январы № 10-1
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кожо-Арык айылынын Ак-Чаңгал бөлүмүндөгү разрез "Абшыр" технологиялык жолунун түндүк тарабындагы жер аянтына "Мол Азык-Фей компани" ЖЧКсы минералдык жер семирткич заводун куруу үчүн кайрак айдоо, жайыт жер, кысыр аңыз жана айыл чарбасында пайдаланбаган жер аянттарын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кожо-Арык айылынын Ак-Чаңгал бөлүмүндөгү разрез "Абшыр" технологиялык жолунун түндүк тарабынан "Мол Азык-Фей компании" ЖЧКсы минералдык жер семирткич заводун куруу үчүн кайрак айдоо, жайыт жер ,кысыр аныз жана айыл чарбасында пайдаланбаган жер аянтынан Кыргыз Республикасынын "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2015-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9- беренесинин жана "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндөгү" Жобонун 31-пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын жер кодексинин беренесинин 11-13 беренелерине, Кыргыз Республикасынын "Өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 47-беренесин жетекчиликке алып, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кожо-Арык айылынын Ак-Чаңгал бөлүмүндөгү разрез "Абшыр" технологиялык жолунун түндүк тарабынан "Мол Азык-Фей компани" ЖЧКсы минералдык жер семирткич заводун куруу үчүн жалпы аянты 88 гектар, анын ичинен 41,56 гасы кайрак айдоо, 16,63 гасы кысыр аныз, 28,18 гасы жайыт жер аянтарын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан жана 1,63 га айыл чарбасында пайдаланбаган жерлер эсебиндеги жер аянтын "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кожо-Арык айылынын Ак-Чаңгал бөлүмүндөгү разрез "Абшыр" технологиялык жолунун түндүк тарабынан жалпы аянты 88 гектар, анын ичинен 41,56 гасы кайрак айдоо, 16,63 гасы кысыр аныз, 28,18 гасы жайыт жер аянтарын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан жана 1,63 га айыл чарбасында пайдаланбаган жерлер эсебиндеги жер аянтын "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кожо-Арык айылынын Ак-Чаңгал бөлүмүндөгү разрез "Абшыр" технологиялык жолунун түндүк тарабынан жалпы аянты 88 гектар, анын ичинен 41,56 гасы кайрак айдоо, 16,63 гасы кысыр аныз, 28,18 гасы жайыт жана 1,63 гасы айыл чарбасында пайдаланбаган жерлер эсебиндеги жер аянтын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер" категориясына трансформациялангандан кийин Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү "Мол Азык-Фей компани" ЖЧКсынын жетекчилиги менен ижаралык келишим түзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Топчубаев |