Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз 10 сессиясы
2018-жылдын 11-январы № 10/2
Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы "Кайрагач" бөлүмүнөн "Айылкурулуш" муниципалдык ишканасынын таштанды коругун уюштуруу үчүн жайыт жер аянтынан которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кожо-Арык айылынын "Кайрагач" бөлүмүнөн жайыт жер аянтынан Кыргыз Республикасынын "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2015-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9- беренесинин жана "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндөгү" Жобонун 31-пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын жер кодексинин беренесинин 11-13 беренелерине, Кыргыз Республикасынын "Өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 47-беренесин жетекчиликке алып, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы "Кайрагач" бөлүмүнөн "Айылкурулуш" муниципалдык ишканасынын таштанды коругун уюштуруу үчүн жайыт жер аянтынан 3 га жер аянтын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы "Кайрагач" бөлүмүнөн "Айылкурулуш" муниципалдык ишканасынын таштанды коругун уюштуруу үчүн жайыт жер аянтынан 3 га жер аянтын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы "Кайрагач" бөлүмүнөн "Айылкурулуш" муниципалдык ишканасынын таштанды коругун уюштуруу үчүн жайыт жер аянтынан 3 га жер аянтын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер" категориясына трансформациялангандан кийин Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү "Айылкурулуш" муниципалдык ишканасына мөөнөтсүз пайдаланууга макулдук берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Ураимовго тапшырылсын.
Төрага | А.Топчубаев |