Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз 10 сессиясы
2018-жылдын 11-январы № 10-3
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Жин-Жиген бөлүмүндөгү : 1. Темир- жол жолунан 15 метрден кийин , ЖАК " ТКЦ" заводунун дубалын бойлоп, Кызыл-Кыя шаарынын "Горводоканал" ишканасынын суу топтоочу резервуарына чейинки жана Кызыл-Кыя шаарынын "Горводоканал" ишканасынын суу топтоочу резервуарынан, ЖАК "ТКЦ" конвейер линиясын бойлоп, ЖЧК "Айдоочу" ишканасынын базальт кенинин карьерине чейинки жолду . 2. ЖАК " ТКЦ" заводунун цементке керектелүүчү сырьелорду кабыл алуучу дарбазасынан (КПП) баштап , сайдын ичи менен ЖЧК " Айдоочу" ишканасынын базальт кенинин карьерине чейинки жолду ЖЧК " Табылгы " ишканасына убактылуу келишимдин негизинде ижарага макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Жин-Жиген бөлүмүндөгү :
1. Темир- жол жолунан 15 метрден кийин , ЖАК " ТКЦ" заводунун дубалын бойлоп, Кызыл-Кыя шаарынын " Горводоканал" ишканасынын суу топтоочу резервуарына чейинки жана Кызыл-Кыя шаарынын "Горводоканал" ишканасынын суу топтоочу резервуарынан, ЖАК "ТКЦ" конвейер линиясын бойлоп, ЖЧК "Айдоочу" ишканасынын базальт кенинин карьерине чейинки жолду.
2. ЖАК " ТКЦ" заводунун цементке керектелүүчү сырьелорду кабыл алуучу дарбазасынан (КПП) баштап , сайдын ичи менен ЖЧК " Айдоочу" ишканасынын базальт кенинин карьерине чейинки жолду убактылуу келишимдин негизинде ижарага макулдук берүү максатында ЖЧК "Табылгы " ишканасынын 2017-жылдын 21-декабрындагы № 73 сандуу катын карап чыгып , депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Жин-Жиген бөлүмүндөгү :
1. Темир- жол жолунан 15 метрден кийин , ЖАК " ТКЦ" заводунун дубалын бойлоп, Кызыл-Кыя шаарынын "Горводоканал" ишканасынын суу топтоочу резервуарына чейинки айыл өкмөтүнүн балансында турган жолду, узундугу 1400 м , эни ( туурасы) 12 м. - 1,68 га жана Кызыл-Кыя шаарынын "Горводоканал" ишканасынын суу топтоочу резервуарынан, ЖАК "ТКЦ" конвейер линиясын бойлоп, ЖЧК "Айдоочу" ишканасынын базальт кенинин карьерине чейинки айыл өкмөтүнүн балансында турган жолду , узундугу 900 м , эни ( туурасы) 6 м. - 0,54 га, бардыгы - 2,22 га .
2. ЖАК " ТКЦ" заводунун цементке керектелүүчү сырьелорду кабыл алуучу дарбазасынан (КПП) баштап , сайдын ичи менен ЖЧК " Айдоочу" ишканасынын базальт кенинин карьерине чейинки айыл өкмөтүнүн балансында турган жолду , узундугу 1700 м , эни ( туурасы) 6 м. - 1,02 га . жер аянттарын убактылуу келишимдин негизинде ЖЧК "Табылгы" ишканасына ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Жин-Жиген бөлүмүндөгү айыл өкмөтүнүн балансында турган жолдорго ЖЧК "Табылгы" ишканасы менен убактылуу ижаралык келишим түзүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин жер комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Топчубаев |