Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз 10 сессиясы
2018-жылдын 11-январы № 10-4
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндөгү типтүү келишимин түзүү жөнүндө
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндөгү типтүү келишимин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жайыттар жөнүндө" жөнүндө мыйзамынын 4-беренесине ылайык, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнөн жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндөгү типтүү келишимин түзүүгө макулдук берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кеңеш тарабынан расмий бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамаатын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүлүүсү милдеттендирилсин.
3. Жайыт комитетине көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүнө ашырууда одоно кемчилдиктер жол берилсе, анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы-Жайыт комитетине эскертилсин.
4. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыздоо үчүн берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө берүү, жайыттарды пайдалануу үчүн төлөмдүн үчтөн экисин жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттык планга ылайык, Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсебине которуу жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.
5. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын "Жайыттар жөнүндө" Мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссияна тапшырылсын.
Төрага | А.Топчубаев |